Zanoza сайты президентке 24 миллион сом төлөп бериши керек. Интернет басылма Башкы прокуратура аларга каршы берген 5 доо арыз боюнча утулду.
Акыркы боюнча бүгүн Октябрь райондук сотунда чечим кабыл алынды. Сот интернет басылма жана «Ата-Мекен» партиясынын юристтери президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр баркына шек келтирди деп бүтүм чыгарды. Сайт өлкө башчысына 3 миллион, юристтер 10 миллион сом карыз.
Белгилей кетсек, бул доо арыз партиянын юристтеринин «Боинг 747» учагындагы жүккө байланыштуу. Партиянын өкүлдөрү аталган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тийиштүү деп жарыялашкан.
Эскерте кетсек, 3-июнда Октябрь райондук соту Кымбат Архарова Чолпон Жакупова менен интернет сайттын негиздөөчүлөрү Нарын Айып жана Дина Масловага каршы арызды канааттандырган. Мында сайт 9 миллион сомго утулган.
Ошол эле күнү Октябрь райондук сотунда дагы бир доо арыз Башкы прокуратуранын пайдасына чечилген. Ал доого Нарын Айыптын Жазуучулар союзундагы шылуундуктар боюнча макаласы себеп болгон. Нарын Айып 3 миллион, сайт 3 миллион сом төлөшү керек.
3- июлда дагы эки арыз боюнча Zanoza сайты күнөлүү деп табылып, бул иштердин алкагында 9 миллион сом мойнуна илинген.