10:34
USD 86.99
EUR 99.28
RUB 1.06

Бишкек мэриясынын колл-борборуна 416 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

26-ноябрдан 2-декабрда чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 416 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келип түшкөн кайрылуулардын көбү сурап-билүү мүнөзүндө болгон.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 185 жана 1840 номерлери аркылуу күнү-түнү чалууларды жүргүзсө болот. Мындан тышкары тургундар көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 −182-185 номерине жибере алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар