11:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Конституциялык палатанын төрагасы кызматтан кетүү арызын жазды

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга жолдогон өтүнүчүн билдирди.

Алмасбек Абытов ошондой эле президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.

Карыбек Дүйшекеев бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган, Конституциялык палата тогуз судьядан турат. Ал соңку чечими тууралуу комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар