03:07
USD 68.24
EUR 79.44
RUB 1.07

«Заноза» жана укук коргоочу Чолпон Жакыпова президентке 3 миллион сомдон төлөйт

Бүгүн Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырды. Башкы прокуратура «Заноза» басылмасы жана укук коргоочу Чолпон Жакупова президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп, сотко кайрылган.

Президенттин баркы бул арызда 9 миллион сомго бааланган. Эми интернет басылманын негиздөөчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслова жана укук коргоочу, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Чолпон Жакыпова 3 миллион сомдон төлөп бериши керек.

Эскерте кетсек, интернет басылма 3-мартта Акыйкатчы институту сөз эркиндигин коргоо үчүн уюштурган тегерек стөлдө Чолпон Жакыпованын айткан сөзүн жарыялаган.  «Чолпон Жакыпова: Маниакалдык абалдагы кишинин тизгинин тыюу керек» -деген аталыштагы маалымат доо арызга себеп болду.

Эң көп окулган жаңылыктар