08:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкек мэриясынын колл-борборуна 520 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Бир жума аралыгында Бишкек мэриясынын колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 520 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Чалуулар 185 жана 1840 телефондору аркылуу күнү-түнү кабыл алынууда. Мындан тышкары көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182-185 номерине жөнөтүүгө болот. 1-ноябрдан тарта ыкчам жооп кайтаруу кызматы даттанууларды жана билдирүүлөрдү 1850 номери боюнча кабыл алууда», — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, катталган кайрылуулардын жана арыздардын көпчүлүгү сурап-билүү мүнөзүндө болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар