17:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аткаминердин жоругу. Кара-Суу районунун тургундары Владимир Путинге арызданышты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургундары Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда тургундар өтүнүчүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жеткирүүнү суранышкан.

Кайрылууда Кызыл-Кыштак айылдык башкармалыктын башчысы жергиликтүү тургундарга карата кысым көрсөтүп, пара талап кылып жана коркуткандыгы айтылат.

«Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык башкармалыктын башчысы Шарабидин Капаров жоопко тартылбастыгын билип, айылдык карапайым тургундарды сотко берүүдө. Доогердин талап кылган суммасы бир жарым миллион сом. Тургундардын соттук жана укук коргоо органдарына болгон ишеними такыр жок. Сотто жалаң байлар утуп чыгат, ал эми укук коргоо органдарында жемкорлукка малынган аткаминерлер гана туура болуп чыга келет», -деп жазылат кайрылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрү жыйынтык берген эмес. Мындан улам, алар Владимир Путинге кайрылышты. Алардын негизги максаты- кайрылууну Сооронбай Жээнбековго жеткирүү жана аны менен жекеме-жеке кезигүү.

Эң көп окулган жаңылыктар