15:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чыныбай Турсунбековдун аны колдобой койгон партиялаштарына таарынычы жок

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясына таарынычы жоктугун бүгүн маалымат жыйында журналисттерге билдирди.

Төрага анын талапкерлигине байланыштуу суроолорго ачык жооп берген жок. Болгону «убагында келгенде баары белгилүү болот» — деп айтты.

«Ким ызаа болушу керектиги азырынча белгисиз. Мен таарынчак эмесмин» - деди төрага.

Белгилей кетсек, КСДП партиясынын саясый кеңеши президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн. Бирок, анын талапкерлиги азырынча партиянын курултайында карала элек.

Партиядан эки талапкер аттанары боюнча божомолдорго Алмазбек Атамбаев чекит коюп, КСДП бир гана Сооронбай Жээнбековду колдорун айтып, өзү дагы ага ыктарын жашырган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар