08:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эки өспүрүмдү кыйнаган милиция кызматкерлери 11 жылга кесилди

29-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Асанбай уулу Нурдинди 11, Шералы Эрмековду 10 жылга кести.

Милиция кызматкерлери мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөшөт.

Башкы прокуратуранын маалыматында, милиция кызматкерлери 2013-жылы Мамытбек уулу Уланбек жана Онорбек Шамшидиновду сурак учурунда сабап, коркутушкан. Алар жашы жете элек балдарга уурулук боюнча кылмышты мойнуна илүүгө аракеттенишкен.

Башкы көзөмөл органын билдирүүсүндө, март айында Октябрь райондук соту кыйноо факты боюнча иш козголгон Жаза өтөө кызматынын төрт кызматкерин жети жылга эркинен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума