08:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ошто алыш күрөшү боюнча аялдар арасында эл аралык таймаш өтүп жатат

Ошто алыш күрөшү боюнча аялдар арасында эл аралык таймаш өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Ага 6 салмак категория боюнча, 11 мамлекеттен келген 35 балбан кыз келиндер күч сынашууда. Аларды 16 мамлекеттен келген 20 калыс баалашат.

Маалыматта таймашты өткөрүүгө бюджеттен 970 миң сом каралгандыгы айтылат. Анын 180 миң сому байге фондун түзөт.

Таймаштын максаты- алыш күрөшүн Кыргызстандын аймагында жана чет мамлекетке жайылтуу. Ошондой эле, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышууга шарт түзүү.