06:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абадда депутаттар дагы эле бир пикирге келе албай жатат

Жалал-Абадда депутаттар дагы эле бир пикирге келе албай жатат. Айрым эл өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, сессияда кворумду камсыз кылууну сунушташты.

КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасадыков саясый дымагын басып, мыйзам чегинде иштөөгө чакырды. 

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоо 28-майда өткөн.  Коалициялык көпчүлүктү КСДП,  «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» , «Республика» түзөт. «Өнүгүү-Прогресс» менен  «Ата-Журт» азчылыкта калышкан. 

23-июндагы отурум болбой калды. Эмки жыйын 29-июнга белгиленген.

Белгилей кетсек, буга чейинки шаардык кеңеш үч ай төрагасын шайлай албай таркап кеткен. 

Эң көп окулган жаңылыктар