13:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ананьеводогу жарылууда күйгөндөрдүн экөө оор абалда

Ананьеводогу жарылууда күйгөндөрдүн экөө оор абалда. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Бишкек шаарындагы Жаракат жана ортопедия илимий-иликтөө борборунан билдиришти.

Алардын маалыматында, экөөнүн абалы өтө оор, дагы бирөө оор абалда. Дагы үчөө күйүк бөлүмүндө жатат.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 19-июнь күнү газ толтуруучу жайда жарылуу болуп, экөө жайында мерт кетип, бирөө оорууканада каза тапты. Жаракат алгандардын алтоо өткөн аптанын аягында Бишкекке которулган. 

Эң көп окулган жаңылыктар