13:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азандын үнүн басаңдатууну талап кылган жобо жок

Азандын үнүн басаңдатууну талап кылган жобо жок. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Санитардык жана эпидомологиялык көзөмөл борборунун башкы даарыгер Артур Буюклянов билдирди.

Анын айтымында, М. Кашкари мечитинин жанында жашаган тургундар бир жылдан бери азандын үнүнө арызданышат.

«Бишкекте бир нече мечит бар. Анын баарына эле арыз түшөт. Тилекке каршы бизде азанды акырын айтууну талап кылган мыйзамдык укук жок», — дейт ал.

Артур Буюкляновдун билдирүүсүндө, маселени муфтият жана шаардык кеңеш менен талкуулашкан.

«Маселе коомдук тартипке байланыштуу. Андыктан, милиция чечиши керек деп ойлойм» — дейт Артур Буюклянов.

Эң көп окулган жаңылыктар