17:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Башкырстан Кыргызстан менен айыл-чарба, энергетика жаатында кызматташуу даяр

Башкырстан Кыргызстан менен айыл-чарба, энергетика, өндүрүш жаатында кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Башкыр президенти Рустем Хамитов 22-июнда Уфада эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин журналисттерге билдиришти.

Ал эки өлкө ортосунда соода алака жаңданып бара жатканын белгилеп өттү.

«Быйыл акыркы эки жылга салыштырмалуу импорттун да экспорттун да көлөмү өстү. Жылды жакшы жыйынтыктар менен аяктайбыз деген ойдомун», — деди Рустем Хамитов.

Башкырстан Кыргызстанга айыл-чарба техникасын экспорттоого даяр.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 19-июнь күнү Россияга мамлекеттик сапар менен жөнөп кеткен. Москвадагы жолугушуулары Уфа жана Казан шаарларында уланат. 

Эң көп окулган жаңылыктар