08:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мамлекеттик мүлк фонду: Биз милициядан жардам суроого аргасыз болдук

Мамлекеттик мүлк фондунан өкмөттүн февраль айындагы чечимин аткарып жаткандыгын «24.kg» агентигине билдиришти.

Алардын айтымында, «Ак-Кеме» мейманкана комплекси фонддун карамагына февраль айында берилген. Бирок, ага отелдин жетекчилиги баш ийбей, андан бери жөнөтүлгөн эскертүүлөргө көңүл бөлбөй имаратты бошотпой жүрөт.

«Андыктан биз мыйнда чарага барууга аргасыз болдук. Учурда отелде аянттын ижарага алгандар иштеп жатышат. Биздин кызматкерлер мүлктү эсепке алууда» — дешти.

Эскерте кетсек, «Ак-Кеме» отелине бүгүн таңкы саат 6.00да Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кирип келишип, ичиндегилерди сыртка чыгарышкан. Эшикти лом менен бузуп киришкени айтылат. Отелдин президенти Руслан Сарымсаков, сот иши аяктай электигин билдирүүдө.

«Ак-Кеме» отели буга чейин «Пинара» деп да аталган. Андагы кожоюндары түрк ишкерлери менен болгон талаш эл аралык сотко чейин жеткен.

Өкмөт 2016-жылдын күзүндө отелди сатууга коет. Эки аукциондо тең «Ак-Кеме» сатылбай калган. Отелдин баштапкы баасы — 955 миллион 805 миң сом. Экинчи сатыкта наркы 10 пайызга арзандаган.

Сот департаментинен «Ак-Кемеден» Каржы министрлигине 452 миллион 487 миң сом өндүрүмү чечими бар экенин айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар