01:19
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Руслан Сарымсаков: «Ак-Кеме» отелин күч менен тартып алышты

Эртең менен саат 6.00да «Ак-Кеме» отелине Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кирип келишкен. Бул тууралуу «24.kg» агентигине мейманкана комплексинин президенти Руслан Сарымсаков билдирди.

Анын айтымында, милиция эч кандай документ көрсөтпөй, жетекчинин буйругуна шилтеп, эшикти лом менен бузуп кирип келишкен. Отелдин кызматкерлерин күч менен сыртка алып чыгышкан.

Руслан Сарымсаков окуяга күбө болгон отелдин коноктору, чет элдик жарандар коркуп калганын да кошумчалады.

«Сот бүтө элек. Ага карабай бизге отель өкмөттүн буйругу менен Мамлекеттик мүлк фондуна өткөндүгүн айтып жатышат», — дейт Руслан Сарымсаков.

Буга чейин отелдин жетекчилиги Мамлекеттик мүлкү фонду күч менен тартып алуу аракетин көрүп жатканын маалымдаган. Ага фонддун карамагындагы «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын директору Орозбек Нусубалиев, анын кызматкерлери меймкананын иши менен танышуу үчүн гана баргандыгын айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби