04:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Текебаевдин соту. Жактоочулар кысым көрсөтүлүп жаткандыгына арызданышты

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары аларга карата кысым көрсөтүлүп жаткандыгына арызданышты.

Канат Хасановдун айтымында, сот жактоочулар менен акылдашпай туруп, ишти кароо күнүн белгилеп жатат.

«Мисалы, менин бүгүн төрт ишим төрт жерде каралып жатат. Мен ал жакта да болушум керек» — деди Канат Хасанов.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен башталган сот «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары сотко келбегендиктен тыныгуу жарыялаган.

Белгилей кетсек, «Ата-Мекендин» партиясынын өкүлдөрүнүн соту ар шейшемби, шаршемби жана бейшемби күнү өтөт.

Кошумчалай кетсек, кечээ сот Айбек Эрнис уулу партия лидеринин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сунушун канааттандырган жок.

Чынара Жакыпбекова Айбек Эрнис уулунун бул чечимине Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирген.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууда артыкчылыктарды убадалап, Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума