14:04
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Текебаевдин соту. Бүгүн «Ата-Мекен» партиясынын жактоочулары сотко келген жок

Бүгүн «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары сотко келген жок. Сотто алар келгенче тыныгуу жарыяланды.

Канат Хасанов, Чынара Жакыпбекова, Искен Афиджанов жана Бактыбек Жумашов кечээ эле сот Айбек Эрнис уулуна эртең келе албастыгын айтып, ишти кароону башка күнгө жылдырууну сунушташкан. Алар башка соттук териштирүүгө катышмак экен. Сунуш четке кагылган.

Белгилей кетсек, «Ата-Мекендин» партиясынын өкүлдөрүнүн соту ар шейшемби, шаршемби жана бейшемби күнү өтөт.

Белгилей кетсек, кечээ сот Айбек Эрнис уулу партия лидеринин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сунушун канааттандырган жок.

Чынара Жакыпбекова Айбек Эрнис уулунун бул чечимине Бишкек шаардык сотуна даттанарын билдирген.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясын башкарууда артыкчылыктарды убадалап, Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар