Башкы прокуратура Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы маалымдайт.
Маалыматка караганда, иш Бостери айыл аймагында таштанды талаасына байланыштуу. Прокуратура каала башчысын Экологиялык жана техникалык инспекциясынын эскертүүсүнө көңүл бурбай, таштандыны жок кылган эмес деп айыпташууда.
Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, таштанды талаасын уюштуруу боюнча эч кандай уруксат кагаздары берилген эмес. Ал жер 1976-жылдан бери иштейт.
Экотехинспекциясы мэрия алардын көрсөтмөсүн аткарбагандан кийин райондук прокуратурага кайрылган. Райондук ички иштер бөлүмүнө чара көрүү тапшырмасы берилди.