17:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутаттар Улуттук банктын төрагасынын айлыгына кызыгышты

Депутаттар Улуттук банктын төрагасынын айлыгына кызыгышты. Бул тууралуу суроону парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов узатты.

Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, анын айлыгы 120 миң сом. Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү 100 миң сомдон жана ага иш тажрыйбасына карата кошумча алышат.

Улуттук банктын төрагасы башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жыл сайын киреше жана чыгашалары боюнча декларация тапшырарын маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар