16:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Парламентте «Коопсуз шаар» долбоорун Бишкек мэриясына өткөрүп берүү сунушталды

Парламентте «Коопсуз шаар» долбоорун Бишкек мэриясына өткөрүп берүү сунушталды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Ал аталган долбоор төрт жылдан бери ишке ашпай жаткандыгына токтолуп, аны ИИМ ишке ашыра албастыгын көрсөткөнүн айтты.

«Инвесторду таап, долбоорду качан эле ишке киргизсе болмок. Биздин аэропорттор менен вокзалдарды кудай өзү сактасын», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар