11:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баардык аскер бөлүктөрүнө видеобайкоо орнотулду

Баардык аскер бөлүктөргө видеобайкоо орнотулду. Бул тууралуу Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаев армиядагы жоокерлердин өлүмүнүн себептери тууралуу «Азаттык» радиосуна комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, армиядагы чоңсынуу сыяктуу уставдан тышкаркы мамилелердин, суициддердин алдын алуу максатында бардык аскер бөлүктөргө видеокөзөмөл орнотулду.

«Биз ар бир өлүмдүн чоо-жайын иликтеп, экспертизаларды дайындайбыз. Ата-энелердин дооматтары да эске алынат. Эгер суицидге жеткирген жагдайлар болсо сөзсүз кылмыш иши козголот» — деди ал.

Эскерте кетсек, 14-июнда акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектеги маалымат жыйынында армияда былтыр алты жоокер өз жанын кыйганын, жоокерлердин суицидге баруу себептери иликтенбей жатканын билдирген.

Аскер прокуратурасынын маалыматында, 2010-жылдан бери куралдуу күчтөрдүн катарында 80ден ашык жоокер каза тапкан. Алардын 60 пайыздан ашыгы өз өмүрүн кыйган. Тергөө жыйынтыгында суициддердин жарымына чоңсынуу, же уставга туура келбеген мамилелер себеп болгону аныкталган. Быйыл жыл башынан бери армияда бир өлүм катталды. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы 18-майдагы окуяга этиятсыздык түрткү бергенин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар