08:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Төрт жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу үй камагында калды

Төрт жашар кызды коюп кеткен 16 жаштагы айдоочу үй камагында кармалат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Эскерте кетсек, 10-июнда Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча конушунун Сары-Челек көчөсүндө катуу ылдамдыкта келе жаткан автоууна төрт жашар кызды сүзүп, качып кеткен.

ИББнын билдирүүсүндө, № 3 балдар оорууканасында жаткан кыздын абалы турукташып, нейрохирургия бөлүмүнө которулду.

Эң көп окулган жаңылыктар