22:46
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Бакиевдин облустук оорууканага берилген Жалал-Абаддагы резиденциялары кайтарылды

Курманбек Бакиевдин облустук оорууканага берилген Жалал-Абаддагы эки резиденциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кайтарылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине фонддон билдиришти.

Мекеменин айтымында, Облустук ооруукананын директору резиденциядан баш тарткан.

«Маркай» резиденциясы мурда бузулуп жаткандыгын, фонд азыр аны оңдоп, эшик-терезелерин алмаштыргандыгын маалымдашат. «Курманбек» үйүнө төрөткананы жайгаштыруу пландалган. Бирок, имаратты тейлөөгө көп акча керек. Азыр фонддун карамагына өттү. Кийинчерек башка органдарга өткөрүлүп берилерин айтышты.

Фонддун маалыматында, азыр инвентаризация жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар