18:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Акыйкатчы: Төрөт үйлөрүндө аялдардан мыйзамсыз акча алынат

Төрөт үйлөрүндө аялдардан ар кандай шылтоо менен акча алынат. Бул тууралуу Омбудсмендин «Кыргызстандын аялдардын репродуктивдүү укугун коргоо» аталышындагы баяндамасында жазылат.

Акыйкатчы институтунун сурамжылоосуна 253 аял кагаз жүзүндө, 150 аял жана 65 медициналык кызматкер оозеки жооп берип катышкан.

Аялдар төрөткананын фондуна эки жолу акча берерин айтышкан. Алгач төрөт үйүнө түшкөндө 200–250 сом беришет. Кийин бөлүмгө которулгандан кийин дагы 200 сомдой төлөшөт.

Медициналык кызматкерлердин айтымында, бул каражаттар аялдардын өздөрүнө жумшалат.

Баяндама парламентке жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар