Ош облусунун тургундарынын кирешеси эң төмөн. Бул тууралуу бүгүн Адамдык өнүгүү боюнча улуттук баяндаманын бет ачарында автор Рафкат Хасанов билдирди.
Баяндамада, баарынан Жалал-Абаддын тургундары узак жашаса, нарындыктар кыска өмүр сүрүшөрү аныкталган. Ал эми эң бир билимдүүлөр Чүйдүн тургундары болуп чыкса, Жалал-Абад бул талап боюнча артка калган.
Эң бай кыргызстандыктар — Ысык-Көл облусунун жашоочулары. Алардын кирешеси башка аймактарга караганда жогору. Облустардын ичинен Оштун тургундарынын жашоо-деңгээли төмөнкү орунда жайгашты.
«Өсүү тизмесинде Кыргызстан жогорку тепкичке чыга албай келет. Өзбекстан, Түркменстан, Армениядан артта турат. Облустар боюнча айта турган болсок, жакшы өсүүлөр Бишкек жана Ысык-Көлдө байкалат. Бул туризм жана сооданын өнүгүшүнө байланыштуу», — деди, Рафкат Хасанов.