10 күн мурда Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында дарыяга түшүп кеткен аял дагы эле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Алардын айтымында, 1950-жылы туулган А.Т. Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен.
Издөө иштери улантылууда.