12:16
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Баткен облусунда жазгы айдап себүү жумуштары башталды

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында 500 гектар кайрак жерге арпа себилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облустун башка аймактарында да жер айдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат.

2021-жылы облуста 9247 гектарга жаздык буудай, 11495 гектарга жаздык арпа себүү пландалган. Ошондой эле 1450 гектарга дан буурчак, 432 гектарга май өсүмдүктөрүн эгүү аракеттери көрүлүүдө.

Негизи 2021-жылдын түшүмү үчүн, жаздык жана күздүк себүүдө, 30501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган.

Облуста жаздык айдап себүүгө айыл чарба техникалары даяр. Күйүүчү жана майлоочу майлар жылдагыдай эле, дыйкандарга мамлекет тарабынан арзандатылган баада сатуу уюштурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар