16:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүй жана Өзгөндө аты менен кошо дарыяга агып кеткен аялдар табыла элек

Чүй жана Өзгөндө аты менен кошо дарыяга агып кеткен аялдар табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта, Чүй районунун Ибраимов айыл аймагынын Султан айылындагы Туюк жер тилкесиндеги Бурана суусунан эки аял атчан өтүп баратып, бирөөсү аты менен кошо сууга агып кеткендиги айтылат.

Өзгөн районунун Адыр айылынын тургуну 1950-жылы туулган А.Т. Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып Жазы дарыясына 20-майда түшүп кеткен. Издөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби