Мурдакы билим берүү министри Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине ректор болуп дайындалды. Бул боюнча буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол коюп, Канат Садыков кечээ университеттин окутуучу-профессордук курамына тааныштырылды.
Университеттин жаңы ректору ага чоң жүк артылып, оор »мурас» калганын билдирди. Канат Садыков коллективдин колдоосу менен гана, университеттин мурдакы аброюн кайтарып ала аларын маалымдады.