15:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Акылбек Жапаров дагы ага кылмыш иши козголгондугун интернеттен окуптур

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров, ага кылмыш иши козголгондугун жалпыга маалымдоо каражаттарынан окугандыгын «24.kg» агентигине кабарлады.

Анын айтымында, 2009-жылы ал Экономика министрлигин жетектеген жана эч кандай мыйзамсыз кадамга барган эмес.

«Мага коюлган айыптарды такыр түшүнбөйм. Мурда аткаминерлер өзүнүн отставкасын ЖМКдан билчү. Эми биз Башкы прокуратуранын иш козгогондугун интернеттен окуп жатабыз. Албетте, бул таң калтырбай койбойт. Анткени, мени эч жакка чакырган дагы, расмий айып таккан дагы жок», — дейт Акылбек Жапаров.

Эскерте кетсек, бүгүн Башкы прокуратура Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго иш козгогондугу маалым болду. Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын эки депутаты 2009–2015-жылдары «Машинасыноочустанция» АККсынын 200 миллион өлчөмүндөгү бюджеттик ссудасын максатсыз колдонгондугуна айыпталууда. Ишти тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар