14:45
USD 87.45
EUR 101.95
RUB 1.23

Орусияда кыргыз жарандарынын айлык акы боюнча карыздары кайтарылды

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү РФ аймагында эмгектенип жаткан кыргыз жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерин улантууда.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, өкүлчүлүк Орусиянын «Приоритет» ЖЧКсынан (ООО) айлык акысын ала албай жүргөн 18 кыргызстандыкка жардам көрсөттү.

Жарандарга төлөнүп берилген каражаттын жалпы суммасы 1 миллион 648 миң 300 рублду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар