15:04
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.22

ТИМ: Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны азайды

Жалпы статистикага ылайык, Орусия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын саны жылдан-жылга кыскаруу тенденциясын көрсөтүүдө. Бул тууралуу брифингде КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Орусияда 472 миң 336 Кыргызстандын жараны жүргөн. Ал эми 14-майга карата жаңыртылган маалыматтар боюнча, бул көрсөткүч 502 миң адамды түздү. Министрлик бул убактылуу өсүштү күн жылып, мекендештердин сезондук жумуштарга жөнөгөнү менен байланыштырат, бирок узак мөөнөттүү келечекте көрсөткүчтөр кыскарып жатат.

Акыркы жылдардагы жалпы статистиканы карасак, Орусиядагы кыргызстандыктардын санынын динамикасы төмөнкүдөй:

  • 2022-жыл — 587 миң 89 адам;
  • 2023-жыл — 408 миң 448 адам;
  • 2024-жыл — 656 миң 304 адам;
  • 2026-жыл — 502 миң адам.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 91 миң 566 жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган, алар «кара тизмеде» турушат. Муну менен бирге, өткөн жылы Орусия аймагынан 6 миң 271 кыргызстандык депортацияланган.

Брифингдин жүрүшүндө ошондой эле учурда Орусиянын аймагында соттолгон жарандарды жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга которуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканы белгиленди.

Акыркы маалыматтар боюнча, РФнын түзөтүү мекемелеринде 1 миң 126 КР жараны бар. Алардын мекенге кайтарылышынын динамикасы төмөнкүдөй:

  • 2024-жылы Кыргызстанга 117 жаран которулган;
  • Өткөн жылы — 232 адам;

Үстүбүздөгү жылдын 21-майына карата мекенине 156 жаран кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар