Ат-Башы районунда жайыт жерлерин мыйзамсыз ээлеп алып, үй салгандарга бузуу талабы коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жайыт жерлерин өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактылары аныкталып, айрым жарандар бул жерлерге мыйзамсыз түрдө турак үйлөрдү жана чарбалык курулуштарды куруп алышкан.
Мындан тышкары, жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 42 жаранга карата протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 315 миң сомду түздү.

