15:46
USD 87.45
EUR 101.95
RUB 1.23

ЖК комитети БШК мүчөлүгүнө талапкерлерди жактырды. Тизме

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламент боюнча профилдик комитети Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнө шайлоо үчүн көрсөтүлгөн талапкерлерди жактырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамына талапкерлерди мамлекет башчысы, ошондой эле парламенттик фракциялар менен депутаттык топтор сунушташты.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев төрт талапкерди тааныштырды:

  • Алмаз Айбалаев;
  • Русланбек Жакышов;
  • Миргүл Темирбаева;
  • Бодош Мамырова.
  • Депутаттык топтор тарабынан сунушталган талапкерлер:
  • «Эл Үмүтү — Ата-Журт» депутаттык тобунан — Тынчтык Шайназаров;
  • «Ала-Тоо» жана «Ишеним» депутаттык топтору биргеликте — Сүйүнбек Касмамбетов;
  • «Ынтымак — Мекенчил» депутаттык тобунан — Лейла Лурова;
  • «Элдик» депутаттык тобунан — Тимур Оторбаев.

Талкуунун жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү көрсөтүлгөн бардык талапкерлерди бир добуштан жактырышты.

Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышовду, Миргүл Темирбаеваны, Бодош Мамырованы, Тынчтык Шайназаровду, Сүйүнбек Касмамбетовду, Лейла Лурованы жана Тимур Оторбаевди БШКнын курамына расмий түрдө шайлоо маселеси Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар