14:45
USD 87.45
EUR 101.95
RUB 1.23

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2-6-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Министрлик айдоочуларга автоунаа жолдорунда жүргөндө этият болуу, жолго чыгаарда аба ырайынын шарттарын алдын ала эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми жергиликтүү тургундарга жана конокторго дарыя жээктерине, капчыгайларга жана сел жүрүү коркунучу жогору болгон аймактарга жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочулары өзгөчө сак болушу керектигин эскетти.

Эң көп окулган жаңылыктар