Министрлер Кабинети макулатураны жана кагаз продукцияларынын калдыктарын өлкө аймагынан сыртка экспорттоого киргизилген убактылуу тыюуну дагы алты айлык мөөнөткө узартууну сунуштоодо. Учурда тиешелүү документ коомдук талкуулоо стадиясында турат.
Бул демилгенин максаты — ички рынокту чийки заттын тартыштыгынан коргоо жана ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо болуп саналат.
«Экинчи сроттогу чийки затты сыртка чыгарууга көзөмөлдүн жоктугу жергиликтүү фабрикалар үчүн тобокелдиктерди жаратат. Макулатуранын жетишсиздиги өндүрүштөрдүн жабылышына, миңдеген жумуш орундарынын жоголушуна жана бюджетке түшүүчү салыктардын азайышына алып келиши мүмкүн», — деп негиздейт Министрлер Кабинети.
Эмне үчүн макулатурага болгон суроо-талап өсүүдө?
Өлкө ичинде даяр продукцияны чыгаруу жыл сайын көбөйүп жаткандыктан, чийки затка болгон муктаждык да туруктуу түрдө өсүүдө. Буга төмөнкү көрсөткүчтөр далил болот:
Даараткана кагазын өндүрүү: 2020-жылдагы 1 миң 665 тоннадан, 2025-жылы 3 миң 101 тоннага чейин өскөн.
Картон кутучаларын өндүрүү: Ушул эле мезгилдин ичинде эки эседен ашык — 10,2 миллиондон 25 миллион чарчы метрге чейин көбөйгөн.
Чектөөлөрдүн натыйжасы:
Министрлер Кабинетинин маалыматы боюнча, экспортко чектөө киргизүү буга чейин эле өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Импорттун статистикасы Кыргызстандын чийки зат боюнча сырттан келген камсыздоолордон көз карандылыгы акырындык менен азайып жатканын айгинелейт. Өлкө ичинде чогултулган макулатура жергиликтүү заводдорго ийгиликтүү багытталып, тармактын туруктуу иштешин камсыз кылууда.
Бул чектөө чарасы өлкөдө 2021-жылдан бери колдонулуп келет.

