21:17
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.23

Кыргызстандык мигрант Москвада пианинодо ойноп, соцтармакты багындырды

Социалдык тармактарда кыргызстандык мигрант Кадырбек Саттаровдун катышуусундагы видео популярдуулукка ээ болууда. Ал Москвадагы Ленинград вокзалында пианинодо «В мире животных» телеберүүсүнүн белгилүү музыкалык заставкасы болгон — «Alouette» («Торгой») композициясын аткарган.

Бул видеоролик 600 миңден ашык көрүүчү топтоп, 70 миңден ашуун пикир жазылган. Соцтармактын колдонуучулары музыканттын талантын белгилешип, аны жигердүү колдоп жатышат.

Кадырбек Саттаровдун уулу 24.kg агенттигине билдиргендей, атасы ушул жылы 54 жашка чыгат. Ал өзү Жалал-Абад облусунан болот.

Анын айтымында, пианист музыканы өз алдынча үйрөнгөн. Буга чейин Майлуу-Суу шаарындагы № 5 орто мектепте музыка мугалими болуп иштеген.

Кадырбек Саттаровдун Москвада жүргөнүнө бир нече жыл болгон жана ал учурда курулушта электромонтажник болуп эмгектенет.

Видеонун автору кыргызстандык музыкант үчүн Москвада жакшы аспапта жана чоң аудиториянын алдында концерт уюштурууну сунуштады.

«Анын Москвадагы бир жерде, жакшы аспапта жана жакшы адамдардын алдында ойношун каалайм. Андыктан кимде-ким муну кантип уюштуруу боюнча идеялары болсо, роялы бар имараттын администрациясы же Ленинград вокзалынын PR-кызматы менен байланышы барлар болсо — келиңиздер, чогуу жакшы иш жасайлы», — деп жазган ал.

Эң көп окулган жаңылыктар