19-апрелде Б.М. аттуу жаран белгисиз чет өлкөлүк жаранга жана Д. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен жазуу түрүндө кайрылган. Бул тууралуу борбор калаанын ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде Абдрахманов көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайлардын биринде алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен 101 миң 459 USDT өлчөмүндөгү криптовалютага алмаштыруу шылтоосу менен анын 100 миң долларын алып кеткен. Бирок келишим ишке ашкан эмес.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык)боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө иштеринин калыстыгын жана толуктугун камсыз кылуу максатында чындыкты аныктоо боюнча бардык зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.

