Бул жылы Ош шаарында Курман айт майрамына карата Айт намазы мечиттерде эмес, шаардын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муфтияттын маалыматы боюнча, бул жылы Курман айт майрамы 27-майга туура келет.
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы:
06:30 — 07:00 — Ыйык Куран аяттарын окуу жана дуба кылуу;
07:00 — 07:25 — Диний баяндар;
07:25 — 07:30 — Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча жамаатка түшүндүрмө берүү;
07:30 — Айт намазын окуу.

