12:54
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстанда уй эти менен пияз кымбаттап, картошка менен каймак май арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 20-майына карата Кыргыз Республикасында жана коңшу өлкөлөрдө — Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасында азык-түлүк товарларына болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Ведомствонун маалыматтары экономикалык бирликтин ичинде инфляциянын ар тараптуу багыттагы тренддерин көрсөтүүдө.

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргыз Республикасында баш пияз 2,3 пайызга, кой эти 1,1 пайызга , уй эти 1,3 пайызга, жумуртка 0,8 пайызга, макарон азыктары 0,5 пайызга, спагетти 0,4 пайызга, кумшекер 0,4 пайызга, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 0,2 пайызга, күрүч 0,2 пайызга жана импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 0,1 пайызга кымбаттаганы байкалды.

Ал эми картошка 2,2 пайызга, каймак май 1,3 пайызга жана сабиз 0,2 пайызга арзандаганы аныкталды.

Казакстан Республикасында күрүч 1,6 пайызга , 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан 1,1 пайызга, каймак май 0,7 пайызга, спагетти 0,5 пайызга жана тазаланган күн карама майы 0,6 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда 1-сорттогу буудай уну 2,1 пайызга, вермишель 1,6 пайызга, кумшекер 0,4 пайызга, сабиз 0,3 пайызга, уй эти 0,2 пайызга, пастерленген сүт 0,2 пайызга, жумуртка 0,1 пайызга, картошка 0,1 пайызга жана баш пияз 0,1 т пайызга өмөндөгөн.

Россия Федерациясында баш пияз 2,1 пайызга, сабиз 1,8 пайызга, кой эти 1,7 пайызга, картошка 1,5 пайызга, вермишель 1,3 пайызга, кумшекер 1,3 пайызга, уй эти 1,3 пайызга, тазаланган күн карама майы 1,2 пайызга, 1-сорттогу буудай уну 1,2 пайызга, пастерленген сүт 1,1 пайызга, каймак май 1 пайызга, күрүч 0,8 пайызга жана жумуртка 0,2 пайызга кымбаттаганы катталды.

Министрлик тарабынан азык-түлүк рыногундагы бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар