10:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сот залдарынын болгону 35 пайызы аудио- жана видеофиксация менен жабдылган

Кыргызстанда сот залдарынын болгону 35 пайызы аудио- жана видеофиксация менен жабдылган. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, аудиофиксация Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун биринчи инстанциядагы сотторунда орнотулган.

«Баардыгы болуп 80 залда аудио- жана видеофиксация бар. Залдарды жабдуу уланууда. Азырынча аймактарда мындай көрүнүш жок», — деди Гүлбара Калиева.

Өлкөнүн соттук системасы бүгүн 95 жылдыгын белгилеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби