11:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Свердлов райондук сотунун мурунку төрайымы соттолду

Биринчи Май райондук соту Свердлов райондук сотунун мурунку төрайымы Эльвира Жаркееванын соттолушу тууралуу санкция чыгарды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Эльвира Жаркеева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык беренелери менен айыпталууда. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Эльвира Жаркеева сот болуп иштеп жатканда кылмыштуу топ менен өз ара сүйлөшүп алып, бир канча мыйзамсыз соттук чечимдерди чыгарган. 

Свердлов сотунун мурунку төрайымына карата Башкы прокуратура октябрдын аягында кылмыш ишин козгогон болчу. 

 

 
Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби