23:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мектепте бүтүүчүлөрдөн акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынды

Мектепте бүтүүчүлөрдөн акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Быйыл республика боюнча акыркы коңгуроо салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт.

Салтанатка карата окуучулардан жана алардын ата-энелеринен акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.

Окуучулар жана алардын ата-энелери акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар