01:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

25-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө унаа менен сейилдөөгө тыюу салынды

Жалал-Абадда 25-май, акыркы коңгуроодо окуучуларды унаасы менен сейилдетүүгө алып чыккандарга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу аталган облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган башкармалыктын кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы кымбат баалуу унаалардын ээлери менен жолугушту.

Алардын мектеп окуучуларын унааларга салып сейилдөөгө алып чыккандыгы, кандайдыр бир иш чараларга катышкандыгы аныкталса, катуу чаралар көрүлө тургандыгы эскертилди. Мындан улам эскертмеге ар бир айдоочу кол коюуга милдеттендирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума