02:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет

Америка Кошмо Штаттары Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берерин жарыялады. Бул тууралуу Пентагон кабарлады.

Жардам Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин (USAI) алкагында берилет. Пакетте Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн жабдуулар, артиллериялык ок-дарылар жана башка жабдыктар бар.

«АКШ өзүнүн союздаштары жана өнөктөштөрү менен бирге Украинанын согуш талаасындагы жана коопсуздук тармагындагы узак мөөнөттүү муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштөөнү улантат», — деп билдирди АКШнын Коргоо министрлиги.

Акыркы бир нече күн ичинде АКШ Украинага ар түрдүү багытта жардам көрсөтөрүн бир нече жолу жарыялады. Тактап айтканда, 6-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага келип, Вашингтон Украинага 1 миллиард доллар бөлүп жатканын билдирген.

Ушул эле күнү АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 175 миллион долларлык кезектеги аскерий жардам көрсөтөрүн жарыялаган. Анын ичинде «Абрамс» танктары үчүн снаряддар бар экени кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар