Бүгүн, 18-июлда, Ташкент шаарында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров «Куксарой» мамлекеттик резиденциясына келди.
Эки өлкө лидерлери атайын подиумга чыгышты. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Ардак кароол бөлүгүнүн командири рапорт берип, андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиеев түзүмдү кыдырып өтүштү, кароолдун жоокерлери менен салам алышып, Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желегине таазим кылышты.
Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Андан ары Мамлекеттик резиденциянын фойесинде мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүү аземи болду.
Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев тар курамдагы сүйлөшүүлөргө өтүштү.