19:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Коопсуздук кеңешинин катчысы ооган маселелери боюнча жолугушууга катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Москва шаарында коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук кеңешчилеринин ооган маселелери боюнча бешинчи көп тараптуу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Марат Иманкулов өз сөзүндө Ооганстанда терроризмге, экстремизмге жана наркотрафикке каршы күрөшүү жагынан да, гуманитардык чөйрөдө да абал өтө оор бойдон калып жатканын белгиледи. Мындай абал коңшу өлкөлөр жана бүтүндөй регион үчүн коопсуздук коркунучунун деңгээлин жогорулатат.

Ал Ооганстанда тынчтык жана стабилдүүлүк болушун каалаган мамлекеттердин алдында кырдаалды жөнгө салуу үчүн эффективдүү чараларды жана механизмдерди активдүү издөө жана аларды тез колдонуу милдети турарын кошумчалады.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ондогон жылдар бою согуш жана кагылышуулар абалында болуп келген ооган эли өз кезегинде тынчтыкта жашоого жана келечекке ишеним менен кароого татыктуу экенин баса белгиледи. Эл аралык жана аймактык туруктуулуктун таламдары дүйнөлүк коомчулуктан Ооганстанга жетиштүү жана өтө зарыл болгон гуманитардык жардамды тез арада берүүнү, ошондой эле калктын турмуш-тиричилигин камсыздоонун социалдык жана башка маселелерин чечүүдө кеңири жардам көрсөтүүнү талап кылат.

Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары/улуттук коопсуздук кеңешчилери жана Кытай менен Түркмөнстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Андан соң делегация башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Эң көп окулган жаңылыктар