13:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Карантиндик тартип. Бишкекте «Шашлычная № 1» эки кафесине айып пул салынды

Бишкекте «Шашлычная № 1» кафесинин эки филиалына карантиндик тартипти сактабагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, жалпы тамактануучу жайдын администрациясы 50дөн ашык кардарды кабыл алган.

«Тыналиев жана Каралаев көчөлөрүндөгү пунктары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 293 «Ыйгарым укуктуу органдардын чечимин, буйругун же талабын аткаруу тартибин бузуу» беренеси менен айып пул салынды», — деп билдирет мэрия.

Эскерте кетсек, 24.kg агенттигинин окурманы кечээ «Шашлычная № 1» тамактануучу жайында 150-200 адамды эсептеп чыкканын айткан. Бирок, Бишкектеги тамак-аш тейлөө пункттарында 50дөн ашык адамды кабыл алууга тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар