16:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Нарында айдоо аянттарын зыяндуу курт-кумурскалардан тазалоо иштери улантылууда

Нарын облусунда айдоо аянттарын зыяндуу курт-кумурскалардан тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-майдан тартып Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүүдө . Бүгүнкү күнгө чейин 58 723 гектар айдоо жерлерине дары себүү иштери жүрүүдө. Иш-чара бүгүн да улантылат.

Эске сала кетсек, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында чегиртке, зыяндуу курт-кумурскалар пайда болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар