11:18
USD 87.45
EUR 102.94
RUB 1.16

Таш-Көмүрдө нөшөрлөгөн жаандан кийин катуу сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында катуу сел жүрдү. Окуяга күбө болгондор селдин агымын видеого тартып алышкан . Бул кадрлар социалдык тармактарда тарап жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, баткак аралашкан суунун агымдары нөшөрлөгөн жаандан кийин шаарга жакын жерди каптаган. Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.

Буга чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга жана сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү тараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар